Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:21

Балбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо алды


Үзүр Жусупбеков. (архив)
Үзүр Жусупбеков. (архив)

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Жусупбеков мындай сыймыкка 11-майга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Олимпиадага дүйнөлүк тандоо мелдешинде татыды.

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмакта Жусупбеков алгачкы беттешинде болгариялык Калоян Ивановду 3:1 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалга чыгуу үчүн таймашта финляндиялык Арви Саволайненге жеңилди. Фин балбаны финалга чыкканы үчүн көңүл жубатуучу таймашка чыгып, хорват Филип Сметкону утту (12:3). 3-орун үчүн беттеште жапониялык Юри Наказатону 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чечүүчү таймашта германиялык Лукас Лазогианисти 8:4 эсебинде жеңип, Олимпиадага жолдомо алды.

Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп Оюндарына 10 лицензия бар.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов Олимпиадага катышууга укук алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG