Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Санкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу ооруканада


Сууга кулаган автобустун үстүндөгү куткаруучулар. Санкт-Петербург. 10-май, 2024-жыл.
Сууга кулаган автобустун үстүндөгү куткаруучулар. Санкт-Петербург. 10-май, 2024-жыл.

10-майда Санкт-Петербург шаарындагы Мойка дарыясына кулаган автобустун айдоочусу, 44 жаштагы Рахматшох Курбонов сурак учурунда автобуста тормоз иштебей калганын билдирген.

Учурда ал Кылмыш кодексинин "бир нече адамдын өлүмү менен коштолгон транспортту башкаруу эрежелерин бузуу" беренеси боюнча шек саналып жатканы кабарланды.

Күбөлөрдүн айтуусунда Курбонов автобустан биринчи болуп чыгып, люкту ачууга аракет кылган, бирок ача алган эмес. Люкту автобус кулаганда сууга секирген куткаруучулар ачканын жергиликтүү "Фонтанка" басылмасы жазды. Басылманын кабарлашынча, автобустун айдоочусу да оор абалда ооруканада жатат.

РИА "Новости" агенттиги шаардык транспорт комитетине шилтеме кылып, айдоочу бардык медициналык текшерүүдөн өткөнүн, анын жумуш жана эс алуу режими сакталганын билдирди. Айдоочунун жубайы күйөөсү акыркы суткада тынымсыз иштегенин, нөөмөткө чыгар алдында беш сааттай гана уктаганын "78" телеканалына айткан.

Автобуска ээлик кылган "Такси" ишканасы автоунаанын техникалык абалы жайында болгонун маалымдады.

Шаардык транспорт комитети ишкана толугу менен текшерилерин эскертти.

Орусиянын Тергөө комитети "коопсуздук талаптарын сактабай кызмат көрсөтүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Иш аталган комитет башчысы Александр Бастрыкиндин көзөмөлүндө экени кабарланды.

10-май күнү Санкт-Петербург шаарынын борбордук бөлүгүндө жүргүнчү ташыган автобус кишилери менен чогуу Мойка дарыясына кулаган. Кырсыктан жети адам каза тапты. Жараат алган эки адамдын абалы оор экенин, кырсык учурунда автобустун салонунда жыйырма жүргүнчү болгонун Орусиянын Ички иштер министрлиги маалымлады.

Социалдык тармактарга тараган тасмада автобус жолдогу бир нече автунааларды сүзүп, жол четиндеги тосмону бузуп, соңунда дарыяга кулаганы тартылган.

XS
SM
MD
LG