Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Ат-Башыда шамалда жараат алган бир адамдын абалы оор


Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.
Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы районунда 10-май күнү болгон катуу шамалдан жалпы жети адам жабыркап, ооруканага кайрылган. Алардын ичинен үчөө Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу райондук оорукананын жетекчиси Азим Ажибек уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Бейтапканага жаткырылган үч адамдын экөө балдар. Бири - 14 жаштагы кыз, 1,5 жаштагы бөбөгүн көтөрүп, короодон үйүнө кирип бараткан жеринен үйдүн чатыры учуп келип тийген. 1,5 жаштагы наристени кечээ жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз, мээси чайкалган. Бир нече сааттык көзөмөлдөн кийин абалы жакшырып, оңолууга түштү. Эжекесинин да абалы жакшы. Ал эми үчүнчү адам - Ача-Кайыңды айылынын тургуну. 55 жаштагы бул адам шамал болуп жатканда үйүнүн чатыры бузулуп, ошону оңдоо үчүн чыккан экен. Аны шамал шифер менен кошо учуруп, жерге кулаган. Жарааты көп, жамбашы жабыркап, мээси чайкалган. Кабыргасы сынып, өпкөгө кирип кеткен. Азыр жандандыруу бөлүмүндө. Нарын облустук бириктирилген оорукананын жана Улуттук госпиталдын дарыгерлери менен онлайн консультация жүргүзүлдү. Санавиацияга өтүнүч жибердик. Абалы бир аз турукташса, Бишкекке которулат".

10-май күнү Нарындын Ат-Башы районунда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрге чейин жеткен.

Шамалдан улам, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты баштаган алты социалдык мекеменин жана 36 менчик үйдүн чатырлары кыйраган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайрылуулар түшкөн аймактарда тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG