Кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 11-апрелде коло медал алышты.
Мелдештин биринчи күнүндө Улукбек Жолдошбеков 65 килограмм салмакта килемге чыгып, алгачкы беттешинде ирандык балбан Рахман Амузадхалилге 4:2 эсебинде жеңилди. Ирандык балбан финалга өтүп, Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Мында алгач кореялык Сонхо Юну 14:4 эсеби менен жеңип, коло үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде утту.
Алибек Осмонов да алгачкы беттешинде жеңилгендиктен, 70 килограмм салмакта көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Коло байге үчүн Осмонов тажикстандык Мустафо Ахмедов менен күч сынашты. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбаны акыркы упайды алганы үчүн жеңишти илип кетти.
Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда. Катышуучулардын арасында Азиянын, олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар.
12-апрелде эркин күрөштөн дагы беш салмакта мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Нуртилек Карыпбеков (92), Айаал Лазарев (125 кг) мелдешке чыгат. (GT)
Дагы караңыз
Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңге жакындадыСадыр Жапаров кыргыз тили боюнча төраганын демилгесине пикирин айттыАкылбек Жапаров “Мир” карталарын тейлөөнүн токтотулушу боюнча комментарий берди11-апрель: Министр камактагы журналисттерди айыптады. Түркияда мигранттарды каттоо эрежеси өзгөрдү