Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Акылбек Жапаров “Мир” карталарын тейлөөнүн токтотулушу боюнча комментарий берди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кыргызстанда банктар Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотушу тууралуу комментарий берди.

Өкмөт башчы “Мир” картасы көбүнчө орусиялыктарга эмес, Кыргызстанга пайда алып келип жатканын, себеби Орусияда иштеп жүргөн 1 миллиондон ашык кыргыз жараны акча которууда “Мирди” колдонуп келишкенин айтты.

“Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет. Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок. Үчүнчүдөн, “Мир” картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ өкмөткө карабайт. МПЦны (Банктар аралык процессинг борбору - ред) коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54% көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек деп ойлойм”, - деди ал.

“Банктар аралык процессинг борбору” 3-апрелден тарта Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотуп, терминал аркылуу төлөмдөрдү жана банкоматтардан накталай акча алууну, картадан картага каражат которууларды токтоткон.

Орусия Украинанын аймагында согуш баштагандан кийин көпчүлүк батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде орусиялык банктар да чектөөгө кабылган. Натыйжада орус жарандары Орусиянын банктык карталары менен чет жакта төлөм жүргүзө албай, эл аралык карталарды өлкө ичинде колдоно албай калышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG