ИИМ башчысы 11 журналисттин иши боюнча үн катты
Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышында саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу министр 11-апрелде «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде билдирип, аларды «жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат», «экөө гана журналист, калгандары блогер атыккандар, жогорку билими жок» деп айыптады.
Бийликтеги адамдарды сындаган иликтөөлөрү менен белгилүү “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерин милиция быйыл 16-январда үйүндө тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен жана Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Бүгүнкү күндө алардын төртөө абакта, калгандары үй камагына чыккан. Журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.
Украина: Мобилизация мыйзамы парламентте колдоо тапты
Украин парламенти мобилизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Долбоордо үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин аскерден бошотуу тууралуу да жобо бар эле. Бирок аны Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Александр Сырскийдин өтүнүчү менен алып коюшканы белгилүү болду. Демобилизация тууралуу мыйзам өзүнчө иштелип чыгары айтылды. 2-апрелде украин президенти аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет. Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла начарлады, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, өлкө аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда.
Түркия мигранттарды каттоо боюнча жаңы эреже киргизди
15-апрелден тартып Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатын узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кыла баштарын «Азаттыкка» Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди. Эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасына дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматты каттоого милдеттүү болот. Соңку айларда түрк полициясы мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди тыкыр текшерип жатат. Бул өлкөдө кыргыз жарандарына 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген.Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына караганда, бул өлкөдө 25 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт.
Казакстан: Селден эвакуация болгондор жүз миңге чамалады
Казакстанда сел каптаган аймактардан кечээтен бери дагы 1,5 миңдей киши эвакуация болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 11-апрелдеги маалыматына караганда, коопсуз жактарга чыгарылгандар жалпысынан дээрлик 98 миңге жетти, алардын 7 миңден ашууну, анын ичинде 3,5 миңдей бала убактылуу ачылган пункттарда жашап жатышат.
26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун Күлсары аймагында түзүлүп отурат. Атырау облусунда өзгөчө кырдаал 7-апрелде жарыяланган. Ошол эле күнү куткаруучулар Күлсары шаарынан эки кишинин сөөгүн табышкан.
Кыргызстанда холера коркунучу жок экени маалымдалды
Кыргызстанда холера оорусуна байланыштуу кооптонууга негиз жок экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева 11-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстандын Алматы шаарында холера аныкталган кыргызстандык менен чогуу келген адамдардан анализ алынып, баары таза чыкты. “Холера менен ооруганы аныкталган бейтап Кыргызстанга келе элек, ошол жакта дарыланып жатат”, - деди Арыкбаева. Казакстандын санитардык-карантин көзөмөл кызматы 4-апрелде Индиянын Дели шаарынан Алматыга Air Astana аба компаниясынын учагы менен барган кыргызстандык аялдан холера аныкталганын билдирген. Холера - адамдын ичеги-кардын катуу сезгентүүчү жугуштуу оору. Ал кайнатылбаган суу ичкенден, оорулуу колдонгон буюмдарын кармаганда жугат.
Бишкекте оор жүк ташыгандар акцияга чыкты
11-апрелде Бишкектин четинде оор жүк ташуучу жана атайын техника айдоочулары нааразылык акциясына чыгышты. Алар Транспорт жана коммуникация министрлигинен жүктүн салмагы боюнча норманы өзгөртүүнү талап кылышты жана күндүз иштебөө тууралуу талапты жоюуну өтүнүштү. 5-апрелде Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу машиналардын шаар ичинде жүрүшүнө чектөө киргизген, баш ийбеген айдоочуларга “Укук бузуулар кодексинин” негизинде айып тагыларын эскерткен.
Балага кыргызча ысым тандоо маселеси парламентте көтөрүлдү
Кыргызстанда ымыркайларга кыргызча ысым ыйгарылбай жатканын, бул тил маселесине терс таасирин тийгизерин Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев айтып чыкты. Спикер мыйзам долбоорлорундагы терминдерди кыргызча сөздөр менен атоого да чакырды. Депутат Дастан Жумабеков "ата-эне балдарына каалаган ысымды ыйгарууга укугу бар" деп жооп берди. Улуттук статистика комитети соңку жылдары Кыргызстанда балдарга арапча ысым койгон ата-энелер көбөйгөнүн кабарлап келет. Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.