Turkish Airlines Түштүк Америкага багыт алган жүргүнчүлөргө жаңы эреже киргизди

"Түрк аба жолдорунун" учагы Манас эл аралык аэропортунда. Иллюстрациялык сүрөт.

"Түрк аба жолдору" компаниясы (Turkish Airlines) Түштүк Американын Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга багыт алган борборазиялык жүргүнчүлөр үчүн учуу эрежелерин катаалдаштырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Жаңы эрежелерге ылайык, жүгү жок, мейманканадан алдын ала орун ээлебеген, артка кайтуучу билети жок жүргүнчүлөр аэропорттон өткөрүлбөйт. Ушундай эле талап транзиттик каттамы 24 сааттан ашык болгон жүргүнчүлөргө да коюлат.

Талапка ылайык:
- жүргүнчү брондолгон билеттин номурун көрсөтүүсү;
-мейманканадан жүргүнчүнүн атына бөлмө ээленгенин тастыктоочу документи;
-учуу убактысы менен мейманканадагы бөлмө ээленген убакыттын айырмасы болбошу;
-Түштүк Америка өлкөлөрүнүн ичиндеги транзиттик каттамдардын ортосу 24 сааттан ашык болбошу;
-жүргүнчүнүн жүгү болушу (кол жүгүнөн тышкары);
-сапардын максатын түшүндүргөн документтер - окуу, иш ж.б. толук англис тилине которулуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек;
-кредиттик карта жана накталай акчасынын болушу;
-жүргүнчү багыт алган өлкөгө сапарынын максаты тууралуу так маалымат бериши;
-учууга уруксаты болушу керек.

Бул эрежелер аталган аба компаниясы менен Туркиянын Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларына багыт алган Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.

Жаңы жоболор Түштүк Американын өлкөлөрү аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүү аракетин чектөө максатында киргизилген. АКШ бийлиги 2021-2023-жылдары бул жол аркылуу кирүүгө аракет кылган 13 миң өзбекстандык жаран кармалганын билдирген.

Былтыр жыл аягында АКШ өкмөтү 119 өзбекстандыкты мекенине кайтарганын Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция агенттиги билдирген. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын тобуАКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашкан. (ZKo)

Дагы караңыз

Грузия "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алууга кайрадан кириштиЧуулгандуу видеодон кийин кызматтан алынган Абитов Свердлов райондук милициясына жетекчи болдуТүркиядагы муниципалдык шайлоолор: Стамбул, Анкарада оппозиция жеңди Бишкек ЖЭБин оңдоо тууралуу маалымат берген кызматкер иштен алынды Тайванда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болду