Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Чуулгандуу видеодон кийин кызматтан алынган Абитов Свердлов райондук милициясына жетекчи болду


Ичк иштер министрлиги.
Ичк иштер министрлиги.

Кочкор-Ата шаарында тартылган тасмадан кийин кызматынан бошотулган Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Жеңиш Абитов Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) жетекчи болуп дайындалды.

Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтуусунда, Жеңиш Абитов "ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган".

Министрликтин буйругу менен көп өтпөй эле Свердлов райондук милиция башчысы болуп дайындалган.

Быйыл 27-мартта Кочкор-Атада милициянын атайын бөлүгүнүн беткапчан, куралчан кызматкерлери бир кишини жерге жаткырып алып кармап жатканы тартылган видео интернетке тараган. Кармалган адамдын баласы атасына болушуп, аларды тээп жиберген. Атайын бөлүктүн өкүлдөрү ата-баланы башка-көзгө койгулап, колдорун кайрып машинеге салып кеткен.

Окуя бир туугандардын базар талашынан чыккан жаңжал боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экени кийинчерээк белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлери "майда бейбаштык" кылган кишини кооптуу кылмышкердей кармап кеткени коомдо катуу сынга кабылган.

Коомчулуктагы талкуулардан кийин ИИМ 1-апрелде билдирүү таратып, Кочкор-Атадагы окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп, жыйынтыгында министрликтин буйругу чыкканын билдирген.

Анын негизинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев "укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузуп, кол алдындагылар арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракет көрбөгөнү" үчүн кызматынан бошотулганын жарыялаган. Облустук милициянын дагы 13 жетекчи кызматкерине тартиптик жаза берилгенин кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG