Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:10

Бишкек ЖЭБин оңдоо тууралуу маалымат берген кызматкер иштен алынды


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). Архив сүрөт.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкек жылуулук борборун(ЖЭБ) ири суммадагы каражатка оңдоо жөнүндө маалыматтар боюнча түшүндүрмө таратты.

Алагөзов Фейсбуктагы баракчасында ЖЭБ ири суммадагы каражатка оңдолот деген маалыматтарды төгүндөп, туура эмес кабар тараткан Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери кызматынан бошотулганын билдирди.

“Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган. Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду”, - деп жазды ал.

Аскат Алагөзов аталган кызматкердин аты-жөнүн атаган жок жана “коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгон-болбогонун териштирүү башталды” деп билдирди.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына таянып, “ТВЕА компаниясы Бишкек жылуулук борборунун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар сарптайт” деген кабар жазышкан. Кийин ал маалыматты Энергетика министрлиги жокко чыгарган.

2-апрелде Улуттук инвестиция агенттиги Кыргызстан-Кытай бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд 151 млн долларлык келишим жана меморандумга кол коюлганын кабарлаган.

Мекеменин басма сөз кызматы кол коюлган келишим, меморандумдарга ылайык кайсы долбоорлор ишке ашарын жарыялады. Бирок долбоорлордун суммасы көрсөтүлгөн эмес. Алардын арасында Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) №3 жана №4 блокторун толук оңдоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлгөнү айтылган.

ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзгөн. 2018-жылы январда анда авария болуп, ызгаар суукта шаар тургундары бир апта жылуулуксуз калган.
Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Быйыл 2-февралда ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG