Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

Тайванда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болду


Тайван. 2024-жылдын 3-апрели.
Тайван. 2024-жылдын 3-апрели.

Тайванда 3-апрелде эртең менен магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болду. Баштапкы маалымат боюнча, кеминде жети адам каза тапты, 700дөн ашуун адам жараат алды.

Куткаруучулар үйлөрдө, мектептерде, башка имараттарда уранды алдында калгандарды чыгарып жатышат.

Бул соңку 25 жылдан берки алгачкы эң катуу жер титирөө экени айтылды. Кеминде 26 имарат кыйрады, 70тен ашуун адамга куткаруучулардын жетиши оор болууда.

АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу тоолуу аймактагы Хуалян чакан шаарынан 18 чакырым түштүк тарапта болду.

Тайвандын бийлиги зилзаладан кийин 25 жолу силкинүү катталганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG