Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:09

Грузия "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алууга кайрадан киришти


Мамука Мдинарадзе.
Мамука Мдинарадзе.

Грузияда былтыр жапырт нааразылыктан кийин токтотулган, Орусияныкындай деп сынга кабылган талаштуу "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракети кайрадан башталды.

Бүгүн 3-апрелде бийликтеги башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын аткаруучу директору Мамука Мдинарадзе жаңы мыйзам долбоорунун тексти буга чейинки сунуш кылынган мыйзамдыкындай эле болорун, бир аз айырмасы бар экенин билдирди.

"«Чет өлкөлүк таасирдеги агент» дегендин ордуна «чет өлкөлүк күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм» деген термин колдонулат. Мыйзам долбоорунун калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калып жатат", - деди Мдинарадзе.

Орусияда кабыл алынган ушул сыяктуу мыйзамды ээрчигени, эркин ойлонгондорду жана жарандык коомду чектей турганы, Грузияны авторитаризмге түртөрү айтылган мыйзам долбоорун жактыруу боюнча угууну парламент 2023-жылдын март айында баштаган. Бирок «Грузин кыялы» процессти күтүүсүздөн токтоткон жана мыйзам долбоорун чакыртып алган.

Ошол учурда он миңдеген киши борбор калаа Тбилисиде бийликтин мындай мыйзамды кабыл алуу демилгесине каршы нааразылык акцияларын уюштуруп турушкан. Куралданган полиция аларды кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүркүп тараткан. Ондогон киши кармалган.

Сырттан каржыланган жарандык коом уюмдарын чектеп, аларды "чет өлкөлүк агент" деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорунун оппоненттери ал Орусия бийликти көзөмөлдөгөн, сындаган оппозицияга жана эркин медиага басым жасоо үчүн кабыл алган мыйзамга окшош экенин айтып келишет.

«Грузин кыялы» мыйзамды жарандык коомдун ишинин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган демилге деп атоодо.

Грузияда ЛГБТ укуктарын кыйла чектей турган мыйзам долбоору да даярдалып жатканы 25-мартта белгилүү болгон.

Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

Быйыл октябрда бул өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт.

2023-жылы Грузия Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга ээ болгон.

"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында Орусиядан кийин Казакстанда кабыл алангын. 2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачыктыгын, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар туш болот. (RK)

XS
SM
MD
LG