Кемпир-Абад иши: Абактагылар соттун жабык өткөнүнө нааразылык билдирди

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты. Март, 2024-жыл.

Кемпир-Абад иши бонча айыпталып, абакта кармалып турган тогуз адам 3-апрелде коомчулукка кайрылуу жасады. Алар аталган ишти он айдан бери судья Марат Сыдыков жабык карап жатканы мыйзамсыз экенин айтып, сотту ачык өткөрүүнү талап кылган.

Билдирүү ээлери мындан тышкары сот процесси он айдан бери Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин бузуу менен өтүп келе жатканын белгилешкен.

"Кылмыш-жаза кодексинин 124 беренесинин 1-пунктуна ылайык, айыпталуучулар жана адвокаттар “сот процессинин кайсы гана стадиясында болбосун өтүнүч келтире алат”. Ушул эле берененин 2-пунктуна ылайык, “Өтүнүч берилээри менен каралууга жана чечилүүгө тийиш”. Тилекке каршы, судья М. Сыдыков Кемпир-Абадчылардын отузга жакын өтүнүчүн карабай келет. Кылмыш-жаза кодексинин 51-беренесинин 5-подпунктуна ылайык “адам өзгөчө оор кылмышка күнөөлөнүп атса, анын адвокаты сот процессине милдеттүү түрдө катышуусу зарыл”. Кемпирабадчылар өзгөчө оор кылмышка күнөөлөнүүдө. Тилекке каршы, судья М.Сыдыков кааласа сот процессин биздин адвокаттарыбыз жок эле өткөрүүнү адатка айлантып алды", - деп жазылган анда.

Кемпирабадчылар судья Марат Сыдыков айыпталуучулардын баарын "эреже бузду" деген негиз менен залдан чыгарып салып, сот процессин айыпталуучуларсыз өткөрүп жүргөнү да мыйзамсыз деп эсептешет.

Кайрылууга Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан тогуз адам: Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Марат Баязов, Жеңиш Молдокматов, Тимур Махмудов, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Айбек Бузурманкулов жана Илгиз Сарылдык уулу кол коюшкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Башкалары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков март айында "Кабар" агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад иши боюнча сот кээде шектүүлөр ооруп калып же адвокаттары келбей калганы үчүн созулуп жатканын билдирген.

Сот органдары акыркы кайрылууга комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

Атазовдун мандаты боюнча сот чечими 5-апрелде чыгат CPJ жана RSF "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамга кабатырлыгын билдириштиКыргызстан Ирандын элчилигине жасалган чабуул боюнча билдирүү тараттыКазакстан: суу каптаган аймактардан 11 миңден ашуун киши көчүрүлдү"Орусияга кетем". Элет жаштарын кыйнаган жумушсуздукТИМ: Түркиядагы өрттө кыргызстандыктар жабыркаган жок