Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Казакстан: суу каптаган аймактардан 11 миңден ашуун киши көчүрүлдү


Казакстандын Аралтал айылынын тургундарын эвакуациялоо учуру. Батыш Казакстан облусу. 30-март, 2024-жыл.
Казакстандын Аралтал айылынын тургундарын эвакуациялоо учуру. Батыш Казакстан облусу. 30-март, 2024-жыл.

31-мартта Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында селдин кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Штаб өзгөчө кырдаал аймагынан 11 миң 306 адам эвакуацияланып, 5 миңден ашуун адам убактылуу баш калкалоочу жайларда жашап жатканын кабарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Расмий маалымат боюнча, сел 40 жолду, бир көпүрөнү жууп кеткен. Казак бийлиги өзгөчө кырдаал аймагындагы элге жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирген. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн 7 миңден ашык адам иштеп, 2 миңден ашык техника мобилизацияланды.

Республикалык штаб 30-марттагы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жоомарт Токаевдин чукул жыйынынан кийин түзүлгөн.

"Азаттыктын" казак кызматы штабдын маалыматына таянып, учурда Казакстандын он аймагында суу каптоо коркунучу бар экенин жазды. Бир катар шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстанда күн жылып, кар эригени, дарыялар жээгинен чыгып бир нече аймакта айыл-кыштактар суу астында калды. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG