Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

ТИМ: Түркиядагы өрттө кыргызстандыктар жабыркаган жок


Өрт чыккан жер.
Өрт чыккан жер.

Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубда чыккан өрттөн баштапкы маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 3-апрелде маалымдады.

Стамбул шаарынын Бешикташ районундагы 16 кабат имараттын жертөлөсүндөгү түнкү клубда 2-апрель күнү өрт чыккан. Клубда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жана коноктор үчүн жабык болгон.

Өрттөн кеминде 29 адам мерт болгону 3-апрелде кабарланды.

Стамбулдун губернатору Давут Гүл журналисттерге маалымат берип жатып, кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин, адистер териштирүү жүргүзүп жатканын айткан.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 40-60 миңге чамалуу кыргыз жарандары миграцияда жүрөт. Андан тышкары кыргызстандык студенттер, утурумдук барган соодагерлер жана туристтер да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG