Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:42

Кыргызстан Ирандын элчилигине жасалган чабуул боюнча билдирүү таратты


Дамаск шаарындагы Ирандын элчилиги авиа чабуулга кабылды. 1-апрель, 2024-жыл.
Дамаск шаарындагы Ирандын элчилиги авиа чабуулга кабылды. 1-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарындагы Ирандын элчилигине жасалган чабуулга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Сириянын борбору Дамаск шаарында 1-апрелде элчиликке коюлган авиачабуулдан бир нече киши, алардын арасынан Ирандын "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун" эки генералы өлтүрүлгөнүн сириялык жана ирандык расмий адамдар, маалымат каражаттары билдирип, бул үчүн Израилди айыпташкан.

Каза болгондор арасында Ирандын "Ал-Кудс" атайын багыттагы бөлүгүнүн негизги командирлеринин бири Мохаммад Реза Захеди, анын орун басары Мохаммад Хади Рахими жана алардын беш кызматташы бар экенин ISNA агенттиги маалымдады. Иран аларды Сириядагы аскердик кеңешчилер деп атоодо.

Сириянын Коргоо министрлиги израилдик учактардын чабуулу Голан дөңсөөлөрүнөн жасалганын, бир нече ракета атып түшүрүлгөнүн, элчиликтин эки күзөтчүсү жараат алганын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян чабуулду "бардык эл аралык конвенциялардын бузулушу" деп атады. Министрликтин өкүлү Насер Канаани Тегеран жооп кайтарууга укуктуу экенин айтты. Израил эч кандай комментарий берген жок.

2020-жылы Ирактын борбору Багдадда АКШнын ракеталык чабуулунан "ал-Кудстун" башчысы Касем Сулеймани жок кылынган. Бул окуя аймакта чыңалууну жараткан. Иранды колдогон бир нече топ АКШнын аскердик базаларын бутага алып, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын эл аралык көзөмөлгө алуучу келишимдеги чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткан.

"Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу" - Ирандын саясатына жана экономикасына таасир этүүчү түзүм. Формалдуу түрдө армия курамына киргени менен, анын өзүнүн аба жана деңиз аскерлери бар. Ал Ирандын ракеталык программасын көзөмөлдөйт, президентке эмес, диний лидер Али Хаменеиге баш ийет.

АКШ бул түзүмдү террордук уюм деп жарыялаган. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Мохаммад Реза Захедини Тегерандын өзөктүк жана ракеталык программасын иштеп чыгууга тиешеси бар деп шек саналган ирандык белгилүү 15 аскердик жана саясий ишмерди "кара тизмеге" киргизген. (TSh)

XS
SM
MD
LG