Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

CPJ жана RSF "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамга кабатырлыгын билдиришти


Бишкекте сөз эркиндигин жана иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоп чогулгандар. 26-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкекте сөз эркиндигин жана иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоп чогулгандар. 26-ноябрь, 2022-жыл.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбооруна кол коюлганын авторитаризмдин жаңы этабы деп сыпаттады. Уюм 3-апрелдеги билдирүүсүндө аталган мыйзамды артка чакыртып алууга үндөгөн.

"Мыйзам бийликке бейөкмөт уюмдардын жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердигин соттун чечимисиз токтотууга шарт түзөт. Журналисттердин камалышы, цензура киргизүүчү мыйзамды кабыл алуу аракетинен соң, "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамга кол коюлушу - президент Жапаровдун Кыргызстандагы өсүп жаткан авторитаризминин жаңы этабы. Бул ансыз деле милициянын басымы алдында турган сөз эркиндигин кысууга алып келет. Бул мыйзам - жарандык коомду жана сөз эркиндигин кысууга себеп, шылтоо. Биз токтоосуз түрдө мыйзамды артка чакыртууга үндөйбүз", - деди RSFтин Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы бөлүм башчысы Жанна Кавелье.

"Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаровдун кол койгонуна баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында турган Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) да тынчсыздануусун билдирди. Уюмдар 3-апрелде тараткан билдирүүсүндө мамлекет башчыны мыйзамды артка чакырууга үндөгөң.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койду. Фейсбук баракчасына бул тууралуу жазган президент “эч кандай куугунтук болбойт” деп кепилдик берерин жана буга чейин бейөкмөт уюмдар отчет бербей келгенин айткан.

Анын билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Салык кызматына талап кылынган отчетторду берип келерин, мындай ачыктык грант берген донорлордун талаптарынын бири экенин жазып жатышат.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мындан кийин жергиликтүү 100дөн ашык уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан. Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG