Дагестандын борбор калаасы Махачкала менен Каспийск шаарына контртеррористтик операция режими киргизилди. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам штабына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, бул шаарларда жергиликтүү тургундарга бир катар чектөөлөр коюлду. Айрым үйлөрдөн жарандар эвакуацияланды.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Каспийскиде көп кабаттуу үйлөрдүн биринде куралчан эки адамды кармоо аракети болууда.
Улуттук антитеррористтик комитет Москва убактысы менен эртең мененки саат 10до үч адам кармалганын, алардын жанынан курал-жарак, колго жасалган бомба табылганын маалымдады.
Дагы караңыз
Челябинск-Троицк жолундагы кырсыкта кыргыз жараны мерт болду Санкт-Петербургдан 400дөн ашык мигрант күчтөп чыгарылат Бишкектин быйылкы бюджети 32,5 млрд сом болуп бекитилди Болгария менен Румыния Шенгенге жарым-жартылай кошулду Токаев суу ташкыны болгон аймактардын акимдерине катуу сөгүш бердиКыргызстан “Чалдовар” ЖЭСин Орусия менен чогуу курат Axios: Израил Газага араб аскерлерин жайгаштырууну сунуштадыАнаньево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды