Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Челябинск-Троицк жолундагы кырсыкта кыргыз жараны мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 29-мартта Орусияда Челябинск-Троицк жолунда кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгында 1973-жылы туулган кыргызстандык адам мерт болгонун билдирди. Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу маркумдун жакындары менен байланышып, тиешелүү жардамдар берилгенин, сөөктү мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатканын кабарлады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул жолдо “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу башка машинаны буйтап өтүп баратканда рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен жана “ГАЗ” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

“Тойота Альфарддагы” 50 жаштагы аял алган жараатынан ошол жерде мерт болуп, калган төрт жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришинче, былтыр чет өлкөлөрдөн мекенине 585 кыргызстандыктын сөөгү алынып келген.

XS
SM
MD
LG