Челябинск-Троицк жолундагы кырсыкта кыргыз жараны мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 29-мартта Орусияда Челябинск-Троицк жолунда кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгында 1973-жылы туулган кыргызстандык адам мерт болгонун билдирди. Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу маркумдун жакындары менен байланышып, тиешелүү жардамдар берилгенин, сөөктү мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатканын кабарлады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул жолдо “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу башка машинаны буйтап өтүп баратканда рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен жана “ГАЗ” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

“Тойота Альфарддагы” 50 жаштагы аял алган жараатынан ошол жерде мерт болуп, калган төрт жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришинче, былтыр чет өлкөлөрдөн мекенине 585 кыргызстандыктын сөөгү алынып келген.

Дагы караңыз

Санкт-Петербургдан 400дөн ашык мигрант күчтөп чыгарылат Бишкектин быйылкы бюджети 32,5 млрд сом болуп бекитилди Болгария менен Румыния Шенгенге жарым-жартылай кошулду Токаев суу ташкыны болгон аймактардын акимдерине катуу сөгүш бердиКыргызстан “Чалдовар” ЖЭСин Орусия менен чогуу курат Садыр Жапаров ЖЭБдеги кырсыктан кийинки абал менен таанышты Ананьево айылдык кеңешинин төрагасы Көлбаевдин тобунун мүчөсү деп кармалды