Шаардык сот журналист Бузумовдун бөгөт чарасын 1-апрелде карайт

Жоодар Бузумов, 5-февраль, 2024-жыл.

Бишкек шаардык соту "Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовдун бөгөт чарасын кароону 1-апрелге жылдырды. Буга 27-апрелдеги соттук отурумга Бузумовдун жактоочусу келбей калганы себеп болду.

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, аталган медианын мурдагы кызматкери, “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Жактоочулар журналисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко аппеляциялык арыз берген.

Калган журналисттердин бөгөт чарасы 29-апрелден баштап карала баштайт.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, журналисттер Актилек Капаровду, Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин камакта калтырган.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыкты. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (КЕ/NA)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров медицина тармагын каржылоо көбөйгөнүн билдирди11 журналисттин иши: сот үч кишинин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырдыКазакстандын сел каптаган аймагында элдин нааразылыгы айтылдыАКШнын Орусиядагы элчиси америкалык журналистти бошотууну талап кылдыБир жыл ичинде Ысык-Көлдөн 22,5 тонна таштанды чыгарылды