“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Ураимов абактан жазасын өтөп чыкты

Мирлан Ураимов.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинен жазасын өтөп бүтүп 25-февралда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2023-жылдын 11-сентябрында бир жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган. Райондук сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Өзү жана адвокаты коюлган айыпты четке кагышкан.

Активист былтыр 8-февралда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган, кийин 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.

Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан жана аны бошотууну талап кылган акцияларды өткөрүшкөн.

2021-жылы Ураимов Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири болгон. (BTo/AiB)

Дагы караңыз

Ошто 18 жаштагы кыз инисинин өлүмүнө шек саналып кармалдыМурдагы бажычы Нурбек Айбашев алдамчылыкка айыпталып жатканы кабарланды Акылбек Жапаров “Яндекске” салык боюнча система киргизүү керек экенин айтты Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу 2026-жылы аяктайт12 жылдык окууга байланыштуу жол картасы иштелип чыгатФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Кытай Тайбэйи беттешетКаржы пирамидаларына диний аттарды коюуга тыюу салуу сунушталдыЖалал-Абад шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери каза болду