Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Ошто 18 жаштагы кыз инисинин өлүмүнө шек саналып кармалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ошто 10 жаштагы бир тууган инисинин өлүмүнө шек саналып 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 25-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Кыштак айыл аймагында ѳспүрүм каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө тобу барганда кыз 10 жаштагы инисин учтуу нерсе менен моюн тарапка сайып алганы белгилүү болгон.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Шектүүнүн бөгөт чарасы азырынча тандала элек. Окуянын чоо-жайы кабарланган жок.

2023-жылдын декабрь айында Ош шаарында тогуз жаштагы баланын өлүмүнө шек саналып анын бир тууган эжеси кармалган. (DSh)

XS
SM
MD
LG