Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жалал-Абад шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери каза болду


Сафин Гаффан.
Сафин Гаффан.

25-мартта Жалал-Абад шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнө салды.

Ал Башкыр Автоном Социалист Совет Республикасында (АССР) туулган. Сафин Гаффан Советтик армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөп, Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун II даражадагы жана “Германияны жеңүү” медалдары менен сыйланган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (TB)

XS
SM
MD
LG