Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Акылбек Жапаров “Яндекске” салык боюнча система киргизүү керек экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Данилл Шулейкону кабыл алып, компаниянын Кыргызстандагы ишмердигин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда салыкты ак ниет төлөөгө даяр инвесторлорго мамлекет шарт түзөрүн белгилеп, “Яндекс таксинин” тиркемесине айдоочулар үчүн автоматташтырылган салык отчетун киргизүүнү, ал маалыматтарды салык органдарына дароо берүү системасы зарыл экенин айтты.

“Яндекстин” өкүлүнүн айтымында, учурда 100 миңден ашык айдоочу компаниянын тиркемесине кошулган.

“Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет. Анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG