Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:40

Мурдагы бажычы Нурбек Айбашев алдамчылыкка айыпталып жатканы кабарланды


Нурбек Айбашев.
Нурбек Айбашев.

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашев Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен айыпталып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу жабырлануучу Зарема Шарипованын адвокаты Жанат Гүлжигитов “Азаттыкка” билдирди.

Гүлжигитовдун айтымында, мурдагы бажычы жабырлануучунун 800 миң долларлык мүлкүн башка бирөөгө күрөөгө коюп, андан алган акчасын төлөбөй койгон. Мындан улам жабырлануучу мүлкүнөн ажыраган.

“Азыр Айбашев камакта жатат. Башка иштерин билбейм, ушул иш 2017-жылдан бери келе жатат. Ортодон чет өлкөгө качып кетип, эми араң сотко жеткирдик”, - деди жактоочу.

Кийинки сот отуруму 4-апрелге белгиленди. Адвокаттын айтымында Айбашев коюлган айыпты моюнуна алган эмес.

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевдун жактоочусу же жакындарынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

2023-жылдын декабрь айында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары күч органдарындагы булагына таянып Нурбек Айбашев Түркиядан кайтып келип, камалганын жазышкан.

2018-жылы 25-майда Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кармалган. Анда мамлекетке 166 миллион сом зыян келтиргени айтылган. Ошол кезде Каржы полициясы Айбашевдин байлыгын, хан-сарайынын видеосун расмий жарыялаган. Айбашев 2020-жылы 3-июнда үй камагына чыгарылып, 2022-жылы өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Айбашевге козголгон калмыштын аягы эмне болгону белгисиз. Азырынча укук коргоо органдары мурдагы бажычынын иши боюнча комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG