Кулубаев Кыргызстан терроризмге каршы күрөштү колдоорун билдирди

Жээнбек Кулубаев.

25-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, “Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салууну кескин айыптады. Андан тышкары эл аралык терроризмге каршы күрөштү кыргыз тарап колдоого аларын билдирди.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусияда “Крокус Сити Холл” концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, Алардын 68инин тек-жайы аныкталды. Жаракат алгандар 180 кишиден ашты.

22-мартта кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Террордук акт”) негизинде кылмыш ишин козгоп, териштире баштаган. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдады.

25-мартка караган түнү сот төрт шектүүнү эки айга камакка алды. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын Новочеркасск электр станциясында өрт чыктыТИМ кыргызстандыктарды зарыл иш болбосо Орусияга барбай турууга чакырдыМосква: каза болгондор арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталуудаСербиядагы митингде НАТОго каршы ураандар айтылдыОшто “Бойка” каймана аты бар Алмаз Абдукаримов кармалдыИзраил барымтадагыларды айырбаштоо сунушуна макул болгону кабарланды