Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:25

Орусиянын Новочеркасск электр станциясында өрт чыкты


Новочеркасск. Архивдик сүрөт.
Новочеркасск. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Ростов облусунда 25-мартка караган түнү абадан коргонуу күчтөрү 11 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлап, бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптады.

Облус губернатору Василий Голубев Новочеркасск мамлекеттик райондук электр станциясында өрт чыкканын билдирди, бирок себебин тактаган жок.

Станциянын жогорку чыңалуудагы эки түйүнү иштебей калганы, оңдоо иштери жүрүп, келтирилген чыгым эсептелип жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени кабарланды.

Новочеркасск шаарынын тургундары бир нече жолу жарылуу болгонун, электр станциясы жакта түтүн чыгып жатканын билдиришкен.

Соңку апталарда Орусиянын башка аймактарында да энергетикалык объектилерде өрт чыккан, жарылуу болгон окуялар катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG