Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Израил барымтадагыларды айырбаштоо сунушуна макул болгону кабарланды


Уильям Бернс.
Уильям Бернс.

Израил түрмөдө кармап турган 700 палестиналыкты ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп жарыяланган) тобу барымтага алып кеткендердин арасынан 40 кишиге айырбаштоого макул болгонун 25-мартта CNN телеканалы жана израилдик бир катар ЖМК кабарлады. ХАМАС тобунан азырынча жооп боло электиги айтылды.

Сунушту АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс иштеп чыккан. Ал Израил жана ХАМАС Катардын борбор шаары Дохада бир нече айдан бери ортомчулар аркылуу жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөргө катышууда.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньмин Нетаньяху ХАМАСтын барымтада кармалып тургандарды айырбаштоо тууралуу сунушун «абсурд» деп атап, четке каккан.

Израил барымтадагылардын баары бошотулушу керек деген, ал эми ХАМАС израилдик аскерлер Газа секторунан толук чыгып кетиши керек деген талаптарын коюп жатышат.

Буга чейинки айырбаштоо былтыр ноябрда болгон. 240 палестиналыктын ордуна 105 израилдик бошотулган. Газада барымтада калгандар 130 экени, бирок алардын 30у каза тапкан болушу ыктымал экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG