Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Москва: каза болгондор арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Красногорск. "Крокус Ситинин" талкаланган имаратынан каза тапкандарды жана дайынсыз жоголгондорду издөө учуру.
Красногорск. "Крокус Ситинин" талкаланган имаратынан каза тапкандарды жана дайынсыз жоголгондорду издөө учуру.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Москвадагы элчилик “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салууда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун аныктоо иштерин улантууда. Министрликтин Консулдук департаментининин башчысынын орун басары Бакыт Кадыровдун "Азаттыкка" айтымында, каза болгондордун тек-жайын аныктоо кыйын болууда. Ал набыт кеткендердин расмий жарыяланган тизмесинде дайыны чыкпай жаткан эки кыргызстандык аялдын аты-жөнү жок экенин кошумчалады.

"137 адам деп каза болгондордун тизмеси чыкты. Ал жакта деле толугу менен аныкталып, идентификация боло элек. Ошол иштерди жүргүзүп жатканда биздин дагы элчиликтин кызматкерлери жүрөт. Алар дайыны чыкпай жаткан эки кыздын туугандары менен байланышта. Мүмкүн генетикалык экспертиза жүргүзгөнгө туура келет. Азыр каза болгондордун ичинен 68инин гана тек-жайы аныкталды".

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги миңдеген адам чогулган "Крокус Сити Холл" концерттик залына ок жаадырган. Соңку маалымат боюнча, каза тапкан кеминде 137 адамдын үчөө - балдар. 180ден ашык адам жараат алган.

Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү жүрүп жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын”, украин тарапта “тийиштүү байланыштары” бар болгонун жана алар орус-украин чек арасынан өтүп кетүүнү көздөгөнүн, баары Москвага жеткирилгенин маалымдады.

Москванын Басман райондук соту 25-мартка караган түнү “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги куралдуу кол салууга байланыштуу Орусия антитеррордук иш-чараларды баштаганын белгилеп, зарыл иши болбосо бул өлкөгө кыргызстандыктарды барбай турууга чакырды. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG