Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:42

Ошто “Бойка” каймана аты бар Алмаз Абдукаримов кармалды


Жер сатуу иши боюнча кармалгандар. УКМК тараткан сүрөт.
Жер сатуу иши боюнча кармалгандар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарында Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы “Бойка” каймана аты бар Алмаз Абдукаримов кармалганын билдирди. Ал бир нече жыл айыл өкмөттү жетектеп турган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, айылдагы 8 414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкени аныкталган. Жерлер 10 миң доллар жана андан кымбат сатылып, мамлекетке көп өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул ишке байланыштуу Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Ош шаарында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жайыттар чет өлкөлүк жарандарга да сатылганы такталган.

2023-жылы 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.

Кадырбек Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында Кадырбек Досонов кылмыштуу аракетин дагы эле улантып жатканын айткан. Бул окуядан кийин Кадырбек Досонов Оштон Бишкекке алынып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG