Сот Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту

Аскат Жетиген. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 18-март, 2024-жыл.

18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырчы, акын жана активист Аскат Жетигендин бөгөт чарасын карап, эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту. Ал мунун алдында журналисттерге “өзүнүн сөздөрүн кылмыш деп эсептебей турганын” айткан.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Аскат Жетигенди бошотууга чакырып, ырчыны колдоо постторун жазып жатышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-мартта Аскат Жетигенди кармап, 48 саатка камакка алганын анын адвокаты Венера Буудайбекова билдирген. Жактоочунун айтымында, атайын кызмат ырчыны Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген.

Венера Буудайбекова түшүндүргөндөй, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Ырчы-обончу айрыкча “Зарыкканда” деп аталган ыры менен белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. Акыркы ирет 2024-жылдын 15-мартында кайрылуу жасап, бийликти каарып-сөккөн билдирүүлөрүн жарыялаган. (AiB/BTo)

Дагы караңыз

Президенттин басма сөз катчысы телефон шылуундарынан сак болууга чакырдыГазанын аш-Шифа ооруканасына чабуул коюлдуИшкерликти колдоого 6,2 млрд сом үстөк пайызсыз насыя берилдиСот Адахан Мадумаровдун тарапташына 50 миң сом айып салды Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды“Керемет Банктын” төрагасынын мурдагы орун басарына сот чечими чыктыФейсбуктагы пост үчүн айыпталган Асанов боюнча мурдагы өкүм күчүндө калдыАба ырайы: жаан-чачын жаабайт