Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык коомчулукту Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышында айтып, Газада күн сайын калк кырылып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок", - деди ал.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткенде баштаган. Тилкенин ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери сектордо 31 миңден ашуун палестиналык жай тургун, алардын арасында аялдар жана балдар да набыт болгонун билдирди.

Марттын ортосунда Израил парламенти – Кнессеттин депутаттары быйылкы жылдын бюджетине ХАМАСка каршы согушту каржылоо үчүн кошумча каражат бөлүү мыйзамын колдогон.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

БУУнун маалыматына караганда, анклавда 2,3 миллион киши жашаса, анын бери дегенде 576 миңи ачарчылык коркунучуна кептелди. Бир миллиондон ашууну жер которууга аргасыз болду. (SE)

XS
SM
MD
LG