Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:42

Ишкерликти колдоого 6,2 млрд сом үстөк пайызсыз насыя берилди


Тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.
Тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы 1-мартка карата "Микро, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо" долбоорунун алкагында 6 млрд 249 млн 025 миң 918 сом үстөк пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Пайызсыз насыяны 9 288 ишкер алды. Алардын ичинен 8 110 ишкерге 1-категориядагы 1 млн сомго чейинки насыя берилген, жалпы суммасы - 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сом. 1 178 ишкерге 2-категориядагы 3 млн сомго чейинки - жалпы суммасы 1 млрд 777 млн 38 миң 675 сомду түзгөн насыя берилди.

Чакан ишкерликти колдоого багытталган пайызсыз насыя долбоору 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Маалыматта үстөк пайызсыз насыянын кайтаруу мөөнөтү жана алуу шарттары ачыкталган эмес.

2023-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен 2 млрд сом бөлгөн.

Ишкерлер жер-жерлерде өкмөт убада кылган пайызсыз же пайызы төмөн насыялар аз берилип жатат деп нааразылыгын айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG