Токтогул суу сактагычында 15-мартка карата 7 млрд 319 млн метр куб суу калды. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 169 метр куб суу агып кирип, 559 метр куб суу агып чыгууда.
2023-жылдын 15-мартында суу сактагычта 7 млрд 913 млн метр куб суу бар болчу.
Марттын башында Кыргызстанда эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.
Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарыкты убактылуу өчүрүү токтотулганын билдирген. Бирок 13-мартта кайра күн суук боло баштап, электр жарыгы өчүрүлүп жатат.
Токтогул суу сактагычынын ойдуңуна 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.
2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен. (BTo)
Дагы караңыз
RSF президент Жапаровду "Чет элдик өкүл" мыйзамына кол койбоого чакырдыФейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Төрөкулованын жана Асановдун иши кайра шаардык сотто каралатЖалал-Абадда жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлдуАйыл чарба министринин бардык орун басарлары алмаштыОрусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталдыУКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди Amnesty International “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырдыЭкс-депутат Жаныбек Бакчиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду