Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Жалал-Абадда жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


Жашыруун медресе. Жалал-Абад шаары. УКМКнын сүрөтү
Жашыруун медресе. Жалал-Абад шаары. УКМКнын сүрөтү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-март күнү жашы жете элек балдарга диний сабактарды берген жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгү аныкталып, ишине бөгөт коюлганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 15-мартта тараткан маалыматка ылайык, өзүнүн диний билими жок 25 жаштагы М.Х.А. жашаган жеринде 6-9 жаштагы 12 балага диний сабак берип жүргөн. Сабактар күн сайын саат 09:00-12:00 аралыгында өткөрүлүп келген.

"Сабак өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербейт. Балдарга Муфтияттын текшерүүсүнөн өтпөгөн китептер менен сабак берилген. Айрым балдар узак убактан бери мектепке барбай, медресеге каттап келишкени аныкталды", деп жазылган маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Х.А.га "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам жана "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык, 7500 сом айып салынды.

Мындан тышкары жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан жашы жете элек балдарды орто мектептерге тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

УКМК былтыр Бишкекте, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылганын кабарлаган. Айрымдарында өрт өчүрүү жабдуулары жок экени, коопсуздук эрежелери сакталбаганы айтылган.

Жабылган мечиттер маселеси парламентте бир канча жолу көтөрүлгөн.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG