Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду


Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.
Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тилкаты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайынан чыгарылды.

Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-мартта кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко атайын кызматтын тергөөчүсү берген.

УКМК Жаныбек Бакчиевди былтыр 25-октябрда кармаган. Атайын кызмат анын иши тууралуу деталдуу маалымат бере элек. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG