Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

УКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди


УКМК тараткан сүрөт
УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектар болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматында жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сом.

“Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Абактагы саясатчы азырынча Равшан Жээнбеков жана жактоочулары мамлекетке кайтарылды делген жер тилкеси жөнүндө комментарий бере элек. Жээнбеков бийликти кескин сындаган оппозициялык саясатчыларды бири.

Равшан Жээнбеков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталууда. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG