Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-мартта Орусияда президенттик шайлоого добуш берүүнүн биринчи күнү башталды. Бул саясий өнөктүк 17-мартта аяктайт.

Шайлоо тилкелери Украинанын оккупацияланган аймактарында – Орусия көзөмөлдөгөн Запорожье, Херсон, Донецк жана Луганск облустарында, ошондой эле аннексияланган Крымда да ачылды. Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарында жергиликтүү тургундар добуш берүүгө мажбурланып жатканын билдиришти.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG