Айыл чарба министринин бардык орун басарлары алмашты

Иллютсрациялык сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарлары Айнура Туйбаева, Маил Алияскаров жана Мурат Раматов кызматтан бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү тескемеге ылайык, бул кызматтарга Мирбек Дүйшеев, Асел Кененбаева жана Кубат Касейинов дайындалды.

Былтыр жыл аягында Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп түзүлүп, анын жетекчилигине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталдыУКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди Amnesty International “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырдыХоккей: Кыргызстан Мексиканы 9:4 эсебинде уттуЭкс-депутат Жаныбек Бакчиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулдуЛитва Навальныйдын шакирти Волковго кол салууну "саясий террорчулук" деп атады14-март: “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору өттү, АКШда TikTok чектөөгө кабылышы ыктымал