Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:09

Литва Навальныйдын шакирти Волковго кол салууну "саясий террорчулук" деп атады


Леонид Волков. Архивдик сүрөт.
Леонид Волков. Архивдик сүрөт.

Литванын Улуттук кризистик башкаруу борборунун жетекчиси Вилмантас Виткаускас абакта каза болгон орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын шакирти, жардамчысы Леонид Волковго кол салууну жакшы пландалган саясий террорчулук деп атады. Бүгүн 14-мартта Литванын Улуттук радиосунун эфиринде сүйлөп жатып ал:

«Мындай окуя биздин өлкөдө биринчи жолу катталды. Бул саясий агрессия, саясий терроризм», - деди.

Литванын чалгын мекемеси Навальныйдын штабдарынын мурдагы башчысы Волковго жасалган чабуулду «Орусиянын өлкөдөн чыгып кеткен оппозиционерлерге тоскоолдук жаратуу максатында уюштурган жана ишке ашырган операциясы» деп атаган.

Жеке коопсуздугуна байланыштуу Волков Орусиядан 2019-жылы чыгып кеткен. 12-мартта Вильнюста ага белгисиз бирөө балка менен кол салган.

Волковдун машинасынын терезесин бир киши сындырып, көзүнө жаш агызуучу газ чачып, өзүн балка менен урганын Навальныйдын басма сөз катчысы болуп иштеп келген Кира Ярмыш билдирген. Ал ооруканага жеткирилип, колуна гипс коюлган. Өзүнүн айтымында, кол салган киши ашканада этти жанчый турган балка менен буту-колуна туш келди урган. "Бул кадимки Путинге мүнөздүү, бандиттик Петербургдан келген «салам»", – деген Волков.

Кремлдин негизги сынчысына айланган Навальный үч жыл мурда камалып, быйыл 16-февралда шарты катаал алыскы аймактагы абакта белгисиз жагдайда каза болгон. Тарапташтары ал киши колдуу болгонун айтып жатышат. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган.

17-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Ага бешинчи мөөнөткө калуу үчүн азыркы башчы Владимир Путин да катышууда.

Навальныйдын тарапкерлери бул күнү жалпы Орусиянын аймагында протест уюштурууга чакырып жатышат.

Леонид Волков Путинге каршы бул акцияга катышуу «Алексей Навальныйдын саясий керээзи» деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG