Депутат былтыр 2 миңден ашык дарыгер жумуштан кеткенин айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, 2023-жылы Кыргызстанда ар кандай себеп менен 2 125 дарыгер жумуштан кеткенин билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 14-марттагы отурумунда айтып, өкмөттү медициналык кызматкерлерге камкордукту күчөтүүгө чакырды.

“Жүздөгөн дарыгерлерибиз жумуш издеп Орусияга кетип атат. Министрлер кабинети, Жогорку Кеңеш биригип дарыгерлерибизди коргойлу. Каржылык жактан, моралдык жактан, мыйзам менен коргобосок болбойт. Ушуну менен кете берсек бара-бара бүбү-бакшыларга күнүбүз түшөт”, - деди ал.

Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 4-мартта беш дарыгер айлык акы аз деген негизде иштен кеткен.

Кыргызстанда акыркы учурларда өз милдетин аткарып жаткан медкызматкерлерге кол салуулар көбөйдү. Ушул жылдын башынан бери эле дарыгерлер иш убагында ур-токмокко кабылган 3-4 окуя катталды.

Ушундан улам Жогорку Кеңенштин депутаттары Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Жылдыз Садырбаева, Акылбек Түмөнбаев, Нулифар Алимжанова жумуш учурунда медициналык кызматкерлердин ден соолугуна залал келтиргендерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров абактагы Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди Дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүү сунушталдыЖалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталдыПрезидент Көлбаев, Матраимовду кабыл алып, эскертүү бергенин билдирдиИпотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү CPJ Кыргызстанда талаштуу ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун артка кайтарылганын кубаттайтЕвропарламент жасалма интеллект мыйзамын жактырды