Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Европарламент жасалма интеллект мыйзамын жактырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа парламенти бүгүн 13-мартта жасалма интеллект боюнча мыйзамды жактырды. Бул документ дүйнөдөгү алдыңкы технологияларды колдонуудагы коркунучтарды азайтууга багытталган алгачкы демилге болуп калды. Европарламенттин 523 мүчөсү аны колдоп добуш берди, 46сы каршы болду, 49у добуш берүүдөн карманды.

Мыйзамга ылайык, адамдарды коомдук жайларда онлайн режимде жүзүнөн тааный турган жана башка ушул сыяктуу системаларды колдонууга тыюу салынат.

Мыйзамда коомду нейротүйүн өз алдынча тарткан сүрөттөрдү маркировкалоодон тартып айрым контентке таптакыр тыюу салууга чейинки коргоо чаралары каралган. Мындан тышкары, адамдарды идентификациялоо же алардын эмоциясын таануу үчүн жеке, этникалык жана диний мүнөздөмөлөрдү колдонууга чектөө коюлат.

Италиядан социалист евродепутат Брандо Бенифеи «Биз жумушчулардын же студенттердин ички абалын компьютер аркылуу аныктоого тыюу салабыз. Жумуш берүүчү жумушчусунун эмоцияларын анализдөөгө мүмкүнчүлүгү болбошу керек», - деп айтты.

Айрым чектөөлөр Европарламент ичинде талкуу жараткан, себеби кээ бир өлкөлөр терроризмди жана адам аткезчилигин алдын алуу үчүн күч органдарына жасалма интеллектти колдонууга уруксат берүүнү сунушташкан.

Румыниялык либерал евродепутат Драгош Тудораке «Биз укук тартибин коргоо органдарын жана атайын кызматтарды эгер ошондой технология зарыл болсо сот аркылуу уруксат алгыла деп милдеттендирдик», - деди.

Мыйзамдын саясий жана техникалык өңүтү быйыл май айында расмий каралат. Ноябрь айында чектөөлөр иштей баштайт, ал эми 2027-жылы мыйзам толук күчүнө кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG