Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Жалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталды


Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

14-мартта Жалал-Абад облусунда кызамыкка каршы эмдөө үчүн 159 миң доза вакцина келип, аймакта жапырт эмдөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдирди.

“Облуска кызамык менен кызылчага каршы 159 миң доза вакцина алып келинди. Аймакта жашагандардын 98% эмдөөдөн өткөрөбүз деп турабыз. Ал эми буга чейин адамдардын 20% бул ооруларга каршы эмдөөдөн өткөн”, - деди ал.

Кыргызстанда 7-мартка карата кызамык жуктургандардын саны 4 855 адамга жетти. Илдетти жуктургандар Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында көп.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартып жатканы себеп болгонун билдирип келет. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барган.

Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Кыргызстанда кызамык оорусу 2023-жылдын башында Бишкек шаарында башталган. Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учурлар да катталганы кабарланган. Кызамыкка каршы эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (TB)

XS
SM
MD
LG