Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Президент Көлбаев, Матраимовду кабыл алып, эскертүү бергенин билдирди


Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж.
Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агентигине маек куруп, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана кримтөбөл Камчы Көлбаев тууралуу айтты. Депутат Шайлообек Атазовдин билдирүүсүнө токтолду.

Президент Жапаров Матраимов митингдерди каржылап жатат деген сөздөргө дагы жооп берип, буга чейин мурдагы бажычы жана кримтөбөлдү кабыл алып, эскертүү бергенин билдирди.

“Райым Матраимов каржылап атат деген маалымат туура эмес го дейм. Бизде андай маалымат жок. Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам. Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү тең кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевге катуу эскерткем: "Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла" деп. Тилекке каршы, элди тоногону токтободу. Базарларда майда-чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө отуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Матраимовду экинчи жолу кабыл алып, “криминалга аралашпай, оокатыңды кыл” деп эскерткенине карабай байланышын үзбөгөнүн атайын кызмат аныктаганына токтолду. Президент учурда Матраимовдун башка мүлктөрү аныкталып, мамлекетке өтүп жатканын белгилеген.

Жапаров депутат Шайлообек Атазовдун "президент кабыл албайт" деген билдирүүсүнө “баарын кабыл алып эскертүү жасайм, ага көңүл бурбаса өздөрүнөн көрүшсүн” деп жооп берди.

Депутат Шайлообек Атазов 13-мартта парламентте билдирүү жасап, "Жапаров президентпи же Зулушевби?" деп баш прокурорду сынга алган.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар "220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын" кабарлаган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган. Матраимовго издөө жарыяланган. Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (TSh)

XS
SM
MD
LG