Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агентигине курган маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берип, бул ишке сот чекит коёрун билдирди.
“Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды”, - деди президент.
Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындарынын нааразычылык акциялары боюнча “митингдерден коркпойбуз, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин” деп жооп берди.
Буга чейин камактагы Азимбек Бекназаровдун президент Садыр Жапаровго кайрылуусу саясатчынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган. Анда Бекназаров орозо айында камактагыларды үй камагына чыгарып, сотту ачык өткөрүүнү суранган.
“Бири-бирибизди кечиришип, Кемпир-Абад маселесин саясатка айландыра бербей, тарыхка калтыралы. Эгерде сиз Аллахтан кечирим сурабай бизди “соттотуп тынам” деген кара ниеттериңиз болсо, анда ыйык рамазан айында сизден төмөнкүлөрдү суранам. Жок дегенде ыйык рамазан айында камакта отурган 10 “кемпирабадчыга” ырайым кылып, үй камагына чыгарыңыз. Экинчиси, бизди Кудай алдында, эл алдында Конституция менен мыйзамдарды буздуртпай, ачык сот өткөрүп “адал” соттоңуз”, - деп жазган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (TSh)