Дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүү сунушталды

Кыргызстандык дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Жылдыз Садырбаева, Айгүл Айдарова, Айсара Абдибаева иш учурунда медициналык кызматкерлердин ден соолугуна залал келтиргендерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун 13-мартта коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, дарыгерлердин ден соолугуна жеңил залал келтирип, олуттуу эмес материалдык зыян кылгандарды эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же 200 миңден 500 миң сомго чейин айып салуу сунушталды. Долбоордо медициналык кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө оор залал келтиргендерди үч жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргызстанда акыркы учурларда өз милдетин аткарып жаткан медкызматкерлерге кол салуулар көбөйдү. 19-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымын бейтаптардын биринин тууганы сабаган.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары ур-токмокко алган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган адамды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.

Ушундай эле окуя ага чейин Бишкекте да болуп, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түшкөн. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда “Тез жардамдын” догдурлары кол салууга кабылган. (BTo)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталдыПрезидент Көлбаев, Матраимовду кабыл алып, эскертүү бергенин билдирдиИпотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү CPJ Кыргызстанда талаштуу ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун артка кайтарылганын кубаттайтЕвропарламент жасалма интеллект мыйзамын жактырдыКабулда Өзбекстан өкмөтүнүн «Талибан» менен сүйлөшүүлөрү өттү