Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Кабулда Өзбекстан өкмөтүнүн «Талибан» менен сүйлөшүүлөрү өттү


Саидовдун Кабулдагы жолугушуусу. 2024-жылдын 12-марты.
Саидовдун Кабулдагы жолугушуусу. 2024-жылдын 12-марты.

Ооганстандын борбору Кабул шаарында ооган-өзбек сүйлөшүүлөрү өткөнүн бүгүн 13-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 12-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Кабулга барып, «Талибан» кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахунд баштаган жетекчилер менен жолугушууда «кызматташтык маселелеринин кеңири спектри талкууланганы, өзгөчө көңүл экономикалык байланыштарды бекемдөө жана ишкерлер ортосундагы алаканы жакшыртуу үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулганы» белгиленди.

Өзбекстандын дипломатиялык мекемесинин жетекчилигинин «Талибандын» өкүлдөрү менен жолугушуусу бир жыл мурда да уюштурулган. Октябрь айында өзбек өкмөт башчысынын орун басары Жамшид Хожаев баштаган расмий делегация Ооганстанга иш сапар менен барган. Өткөн айда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизов Кабулга барып, талибдердин убактылуу коргоо министри Мохаммад Якуб менен жолукканы кабарланган.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын декабрында «Талибан» өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Эки өлкө Ооганстандын түндүгүндөгү Коштепа каналынын, «Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолунун курулушу боюнча долбоорлорду талкуулап келишет.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Кошмо Штаттар баштаган НАТОго мүчө бир нече өлкө «Талибанга», «ал-Каидага» каршы согушун жарыялап, Ооганстанга өз аскерлерин жөнөткөн. Он жылдан кийин операция алкагында бул өлкөдө калган америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткен. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кетишкен.

Бийлик 20 жылдан кийин кайрадан колуна тийген «Талибан» «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG