Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара Стоун” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында соода-логистикалык борбор куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси билдирди.
Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода борборлорун, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды (муздаткычтар), жеңил жана оор жүк ташуучу автоунаа үчүн токтотуучу жайларды курууну камтыйт.
Мындан сырткары анын аймагында мейманкана, кафе жана коомдук тамактануу түйүндөрү, медициналык жана дарыкана пункттары, ажатканалар, унаа автобекет, электр көмөк чордону, мечит жана башка нерселер курулат.
Компания долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд сомдон ашык инвестиция тартат. Соода-логистикалык борбордо 4 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү пландалууда.
Кыргызстанда чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорду тартууну жандантуу үчүн 2019-жылы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Анын алкагында мамлекет көбүнчө жеке компанияларга жер тилкелерин, кендерди, же башка ресурстарды берип, кызыктырып келет.
Экономика жана коммерция министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ушул тапта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында 32 долбоор бар. Анын 26сы даярдалып жатса, үчөө тандалып, үчөө ишке ашып жатат.
Февралда башталган Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу мамлекеттик жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашып жаткан биринчи долбоор экени маалымдалган. (ErN)
Дагы караңыз
Көлмөгө чөгүп кеткен балдардын маселеси парламентте көтөрүлдүСоциалдык мекемелердеги документи жок адамдар тууралуу түшүндүрмө берилдиАлматы: жер титирөө тууралуу эскерткен система киргизүү пландалуудаДепутат министрдин майнинг фермалардын иши токтойт деген сөзүн эске салды Кемпир-Абад иши: сотто Токталиевдин лицензиясы боюнча кайра талаш чыкты Бишкекте кайгуулчулар туура эмес токтогон автоунааларды видеокаттоо менен аныктайт