Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Бишкекте кайгуулчулар туура эмес токтогон автоунааларды видеокаттоо менен аныктайт


Жол коопсуздугун караган тескөөчүлөрдүн автоунааларына орнотулган жабдуулар жол четиндеги машинелерди тартып турат. Видеодон алынган скриншот.
Жол коопсуздугун караган тескөөчүлөрдүн автоунааларына орнотулган жабдуулар жол четиндеги машинелерди тартып турат. Видеодон алынган скриншот.

Башкалаада уруксат берилбеген жерлерге транспорт каражаттарын токтоткондорду аныктоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен Ички иштер министрлиги “Ураган” аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен атайын системаны ишке киргизди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жол коопсуздугун караган тескөөчүлөрдүн автоунааларына видеокаттоо сыяктуу атайын жабдуу орнотулат. Кайгуулчулар аны менен көчөдө баратып жол четинде токтогон автоунааларды фото-видеого тартып, туура эмес жерлерге тургандарды автоматтык түрдө аныктап кете берет. Соңунда эреже бузгандарга тиешелүү айыппул салынып, “Коопсуз шаар” долбоорунун линиясы аркылуу айдоочулардын даректерине жеткирилет.

“Ураган” деп аталган пилоттук режимдеги долбоорду мэрияга караштуу “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы Ички иштер министрлиги менен бирге координациялайт.

Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган. Анын алкагында жол эрежелерин бузуулар көчөлөрдөгү камералар аркылуу тартылып алынып, айдоочулардын даректерине жөнөтүлүп келет.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул проект пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын былтыр сотко берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG