Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

Кемпир-Абад иши: сотто Токталиевдин лицензиясы боюнча кайра талаш чыкты


Акин Токталиев.
Акин Токталиев.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын бири, саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев аны судья сот жараянынан четтетүүгө аракет кылып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 6-марттагы отурумда Токталиевдин “адвокаттык лицензиясы жок экенин” жүйө келтирген.

Токталиевдин билдирүүсү боюнча райондук сот комментарий бере элек.

Ушул эле судья менен Токталиевдин лицензияга байланышкан талашы 21-февралда да көтөрүлгөн. Адвокат судьянын мындай билдирүүсүнө нааразы болуп, Тартип комиссиясына арызданганын 26-февралда “Азаттыкка” кабарлаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптаса, камалгандар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG